Жакыпов Азамат

Жакыпов Азамат

Патнерубуз 1 миллион 900 000 сом өлчөмүндө каржыланды. Азамат, жеңип чыккан тендер боюнча Кыргызстандагы мектептер үчүн электрондук күндөлүк иштеп чыгуу жана жайылтуу менен алектенет.

Ошондой эле биз Азаматтын ийгиликтүү тандалган тендерлерин алкагында Кыргыз Республикасынын мектептерин жана ооруканаларына оңдоо жана жабдууну каржылайбыз. Азаматтын орточо айлык кирешеси 250,000 сомду түзөт. Биздин филиалдын кирешесиндеги үлүшү 25%

Нурханов Адилет

Нурханов Адилет

Көпчүлүк өнөктөштөр акчаны батир сатып алуу жана үй куруу үчүн насыяга алышат.
Ошентип өнөктөшүбүз Адилет, биздин компаниябыз менен кызматташуу учурунда, Бишкектеги чакан бизнесин өнүктүрүү үчүн 3 чоң үй куруп жатат. Адилет мунун баары кантип башталганын бизге айтып берди.
Адилет: Бала чагымдан бери бир туугандарым жана атам экөөбүз участок менен эски үйлөрдү сатып алып, ошол жерге үй куруп, чоң үй-бүлөбүз менен жашачубуз. Биз ушинтип кошумча акча катары бул бизнести жүргүзүүнү чечтик. Бирок мен үчүн эң чоң башталыш Бишкектеги 6 сотых аянттагы 3 үйдүн курулушу болду. Андан кийин мен ислам принциптерине ылайык каржылап жаткан “Bereke Finance” инвестициялык компаниясы жөнүндө билдим. Бизде топтолгон каражат бар болчу бирок белгилүү бир сумма жетишпей жаткан. Мен тартынбадым, Береке компаниясынан жардам сурап көптөн күткөн курулушту баштадым. Азыр мен 2 үйдүн курулушун аяктадым, кыш башталганга чейин үчүнчүсүн бүтүрөм иншаллах! Мен эмерек цехтеринин биринде дизайнер болуп иштейм. АЛЛАХка мактоолор болсун, менин айлык акым жакшы, үйлөрдүн бирин сатканга чейин жашоого жана өнөктөшүмдүн кирешесин кайтарууга жетиштүү, анын бир аз бөлүгү инвестициялык акчанын бардыгын камтыйт. Мындан ары дагы да чоң пландар бар, балдар да чоңойуп жатышат, алардын баарысын камсыздоо керек. АЛЛАХ ден-соолук берсин, мен мындан ары да иштей берем жана алдыга койгон пландарымды ишке ашырам.

Алиев Улан

Алиев Улан

Өлкөдөгү алдыңкы камсыздандыруу (страхование) компаниялардын биринин кызматкери. Негизги ишинен тышкары, Улан, параллелдүү түрдө бизнес менен алектенүүнү жана балдарга кубаныч тартуулоону чечти.Тактап айтканда, Россия шаарындагы соода борборлорунун биринде, балдар үчүн эки көңүл ачуучу шайманын сатып алды.
АЛЛАХтын колдоосу менен жумушу жолго кирип, “Береке Финанс” компаниясынан балдарга оюн автоматтарын сатып алууга инвестиция жасады. Биздин кызматташтыгыбыз ушуну менен эле бүтпөйт. Себеби, Улан бизнесин дагы да өнүктүрүүнү пландап жатууда. Уландын ишине ийгиликтерди каалайбыз!

Кашиев Бакы

Кашиев Бакы

Өзүнүн хоббисин ээр токуучу чакан бизнеске айландырган Бакыт, бардык ишкерлер сыяктуу эле жеңил жана сапаттуу ээрлерди конвейерге салууну көздөгөн. Натыйжада, Бакыт максатына жетти. Азырда, ай сайын 500гө жакын токулган ээр өндүрүлүп, Кыргызстандын бардык аймактарына жана коңшу мамлекеттерге жөнөтүлөт. Ээрлер жеңил жана бышык. АЛЛАХтын ыраазычылыгы менен баарысы өз жолуна түшүп, Бакыт чон үй-бүлөсү менен жаны сатылып алынган үйгө көчтү. Берекеден алынган биринчи инвестицияны, үйдүн сатып алуу баасына жетшпеген суммага каржылап, Бакыт кийинчерээк каражатты өндүрүш үчүн жабдууларды сатып алууга бурду. Биздин кызматташтыгыбыз ушуну менен эле чектелген жок. Бакыт биз менен жакынкы айларда кайра байланышууну көздөөдө. Себеби, бул карыдарыбыз “Береке Финанс” компаниясындагы каржыны ылдам жана эң негизгиси, Ислам принциптерине ылайык ала алышына ишенет.
Биз, Бакытка ийгилик каалайбыз жана анын ийгилиги үчүн кубанычтабыз!