Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Биздин өнүм: Долбоордун кирешеси менен тобокелин бөлүштүрүүнүн негизинде, пайдалуу долбоор үчүн инвесторлордон, ишенимдүү жана чынчыл насыя алуучуларга которулган акча.

“BF” Ислам Инвестициялык Компаниясы (мындан ары “Компания”) 1-5 жыл аралыгында Ислам дини уруксат берген проекттерге инвестиция жасайт. Инвестициялоо долбоордун капиталына же кирешесине катышуу негизинде жүргүзүлөт. Долбоорлор Кыргыз Республикасында жайгашып, экономиканын ар кандай тармактарын камтыйт: маалыматтык технологиялар, соода, кызмат көрсөтүү, курулуш жана башка жеке ишкердиктер. Компания тобокелди, долбоорлорунун финансылык агымдарын жана каржылоо алуучулардын жеке кепилдиктерин камсыздоо менен көзөмөлгө алат. Биз Кыргызстанда 2016-жылдан бери жигердүү иштеп келебиз.