Главная » Жеке инвестициялык долбоор

Жеке инвестициялык долбоор

Бул кызмат Инвестор үчүн жеке инвестициялык долбоорду табуу, алгачкы текшерүү жана каржылык контролду камтыйт. Бул жерде, инвестор өз капиталын олуттуу көбөйтүүгө, ошондой эле өзүнүн инвестициялык долбооруна иш жүзүндө катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Азыркы долбоорлор:

Абдураулова Жыпар Маматсаевна

Карыдарыбыз 1 миллион сом өлчөмүндө каржылоону алган. Жыпар азырда үйдүн участогунда жайгашкан дүкөндөн кичинекей азык-түлүктү дүңүнөн сатуу менен алектенет. Ал эмесе соода жүргүзүүдөн түшкөн киреше айына 70000 сомду түзөт. Биздин өнөктөштүк долбоорундагы үлүшүбүз 28,7%.

Кашиев Бакыт Бектурганович

Биздин өнөктөш 415,000 сом өлчөмүндө ээр даярдоочу жабдыктарды каржылаган. Бакыт курамдык материалдардан ат ээр жасайт. Ээр жеңилдиги жана узактыгы менен айырмаланат. Бакыттын орточо айлык кирешеси 150,000 сомду түзөт. Ал эми биздин филиалдык долбоордогу үлүшү 9,88%

Жакыпов Азамат Курманбекович

Патнерубуз 1 миллион 900 000 сом өлчөмүндө каржыланды. Азамат, жеңип чыккан тендер боюнча Кыргызстандагы мектептер үчүн электрондук күндөлүк иштеп чыгуу жана жайылтуу менен алектенет.
Ошондой эле биз Азаматтын ийгиликтүү тандалган тендерлерин алкагында Кыргыз Республикасынын мектептерин жана ооруканаларына оңдоо жана жабдууну каржылайбыз. Азаматтын орточо айлык кирешеси 250,000 сомду түзөт. Биздин филиалдын кирешесиндеги үлүшү 25%

Нурханов Адилет Нурханович.

Биздин өнөктөш андан ары сатуу үчүн эки кабаттуу чакан үйлөрдү курууга 800 000 сом өлчөмүндө каражат алган. Жалпысы, үч объект курулду, алардын бири сатылды. Алты айдын ичинде үйлөрдү курат. Бир үй алты ай ичинде бүтөт. Орточо айлык киреше 280,000 сом. Биздин өнөктөш үлүшү 8%

Бердибаева Мадина

Биздин өнөктөш азык-түлүк жеткирүү боюнча тендерлерге катышуу жана сатып алуу үчүн 1 000 000 сом өлчөмүндө каражат алды. Мадинанын орточо айлык кирешеси 100000 сом. Биздин өнөктөш үлүш 20% га жакын

Аттигиров Турдалы

Биздин өнөктөш азык-түлүктү сатып алуу жана тендерлерге катышуу үчүн 1 000 000 сом өлчөмүндө каражат алды. Орточо айлык киреше 400,000 сомду түзөт. Биздин өнөктөштүк үлүшү 5% жакын

Текшерүү

Бул кызмат инвестор үчүн жеке инвестициялык долбоорду табуу, алгачкы текшерүү жана каржылык контролду камтыйт. Бул жерде, инвестор өз капиталын олуттуу көбөйтүүгө, ошондой эле өзүнүн инвестициялык долбооруна иш жүзүндө катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Каржылык
башкаруу

Бизден каржылоону алгандан кийин, долбоор биз менен бухгалтердик жардам ала алат. Ушул жол менен, биз долбоордун каржылык агымын жана чыгымдарын көзөмөлдөйбүз. Долбоорго чектелген акчадан ашык сарптоого жол бербейбиз.

Иштөө схемасы

Инвесторлор менен иштешип, ар бир долбоордун артыкчылыктары менен тобокелдиктерин бөлүшүп, ар бир тараптын салымын баалайбыз. Баалоону квалификациялуу бухгалтерлер жана каржычылар жүргүзөт.

Акча алуу үчүн сиз төмөндөгү сурам формасын толтура аласыз же биз менен түздөн- түз байланышыңыз болот

Байланышуу

Бидирме