Главная » Кашиев Бакы

Кашиев Бакы

Кашиев Бакы

Өзүнүн хоббисин ээр токуучу чакан бизнеске айландырган Бакыт, бардык ишкерлер сыяктуу эле жеңил жана сапаттуу ээрлерди конвейерге салууну көздөгөн. Натыйжада, Бакыт максатына жетти. Азырда, ай сайын 500гө жакын токулган ээр өндүрүлүп, Кыргызстандын бардык аймактарына жана коңшу мамлекеттерге жөнөтүлөт. Ээрлер жеңил жана бышык. АЛЛАХтын ыраазычылыгы менен баарысы өз жолуна түшүп, Бакыт чон үй-бүлөсү менен жаны сатылып алынган үйгө көчтү. Берекеден алынган биринчи инвестицияны, үйдүн сатып алуу баасына жетшпеген суммага каржылап, Бакыт кийинчерээк каражатты өндүрүш үчүн жабдууларды сатып алууга бурду. Биздин кызматташтыгыбыз ушуну менен эле чектелген жок. Бакыт биз менен жакынкы айларда кайра байланышууну көздөөдө. Себеби, бул карыдарыбыз “Береке Финанс” компаниясындагы каржыны ылдам жана эң негизгиси, Ислам принциптерине ылайык ала алышына ишенет.
Биз, Бакытка ийгилик каалайбыз жана анын ийгилиги үчүн кубанычтабыз!

Акча алуу үчүн сиз төмөндөгү сурам формасын толтура аласыз же биз менен түздөн- түз байланышыңыз болот

Байланышуу

Бидирме